Menu

Кара-Балта шаарында милиция кызматкерлери эл менен жолугушууларды уюштурушууда

Бөлүшүү:

26-январда Кара-Балта шаарынын маданият үйүндө райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана шаар тургундарынын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сө кызматы билдирди.

Аталган жолугушууга Жайыл РИИБдүн башчысы милициянын полковниги Шамбетов Уран Узбекович, анын орун басары жана аймактык тескөөчүлөр. Андан сырткары жергиликүү кеңештин депутаттары ошондой шаардын жашоочулары катышышты.

Жолугушууда Жайыл РИИБдүн башчысы жергиликтүү тургандар менен жолугушуу үчүн атайын график түзүлүп ошонун негизинде жер-жерлерде жолугушуулар уюштуруп жатканын белгиледи. Ал өткөн 2020-жылда РИИБдүн кызматкерлери  тарабынан аткарылган иштери тууралуу жергиликтүү тургундарга маалымат берип, андан сырткары алдыда аткарылуучу иштерге токтолду.

Кара-Балта шаарынын жашоочулары мындай жолугушуулар зарыл экенин белгилеп, учурдан пайдаланып, күнүмдүк жашоодо кездешип жаткан көйгөйлөрү менен бөлүшүштү. Базар жана башка коомдук жайлардын жанында токтогон автоунаалар жолдон өтүп жаткан жөө жүргүнчүлөргө жана ары бери өткөн автоунааларга тоскоолдуктарды жаратып жаткандыктарын айтышып ошол маселени чечип берүүнү суранышты. Бул көйгөй биргеликте жолго салынуучу маселе экенине токтолгон РИИБдүн башчысы Кара-Балта шаардык мериянын алдында комиссия түзүлүп, жумуштар башталганын билдирди.

Жолугушууга келген шаар жашоочулары ички иштер органдарына байланыштуу суроолорду беришип, тиешелүү жоопторду алууга мүмкүн болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: