Menu

Каталониялыктардын 90% аймактын көз карандысыздыгын колдоду

Бөлүшүү:

Кечээки Каталониядагы референдумга катышкан жарандардын 90% аймактын көз карандысыздыгы үчүн добуш беришти. Бул тууралуу бүгүн Каталония өкмөтүнүн расмий өкүлү Жорди Турулль билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Туруллдун айтымында, референдумга 2,3 миллион киши катышты. Алардын эки миллиону Каталониянын Испаниядан бөлүнүшүн колдосо, 176 миңи аймактын көз карандысыздыгына каршы болушкан.

Кечээ кечинде Каталония өкмөтүнүн башчысы Карлес Пучдемон аймактын жашоочулары көз карандысыз мамлекет болуу укугуна жеткенин билдирген. Ал добуш берүүнү мыйзамдуу деп атап, жакынкы күндөрү анын жыйынтыктарын парламентке берүүнү убадалаган.

Испания премьери Мариано Рахой эч кандай референдум болбогонун билдирип, Каталониядагы башаламандыктар менен зомбулук аракеттери үчүн жоопкерчиликти автономия өкмөтүнө жүктөдү. Акыркы маалыматтар боюнча, полиция менен болгон кагылышуулардан 844 киши жаракат алды. Испания ИИМи 12 полициячы жабыркаганын билдирди. Каталониянын бийлиги абалга кийлигишүү чакырыгы менен Евробиримдикке кайрылды.

Каталониянын көз карандысыздыгы тууралуу референдум 1-октябрда өттү. Мадрид аймакта добуш берүүгө жол бербей тургандыгын билдирген. Испаниянын Конституциялык соту тарабынан референдум мыйзамсыз деп табылган. Кечээ полиция эки миңден ашык шайлоо тилкелеринин үч жүздөн ашуунун жапканы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: