Ысык-Көл облусундагы Рыбачье – Жел-Арык темир жол участогун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
“Оор жүк ташуучу автомашиналар жана автокран тартылып, темир жолу тазаланды. Ушул сааттарга чейин темир жолу аркылуу 30 жүк ташуучу вагондор өткөрүлдү. Калыбына келтирүү иштери уланмакчы. Кырсык болгон жерде «Кыргыз
темир жолу» ишканасынын тийиштүү кызматтары өз жумуштарын аткарып жатышат” – деп билдирди ишканадан.
Белгилүү болгондой, эртең менен транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов окуянын чоо-жайын аныкташ үчүн жерине чыгып кеткен.
Эске салсак, бүгүн, аталган участокто 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен. Учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ