Menu

УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев сотто суралып, Алмазбек Атамбаев отурган бөлмө боюнча айтып берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-ноябрда Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча кезектеги соттук отурум уланды. Бүгүнкү сотко мурунку башкы прокурор, мурунку Юстиция министри Аида Салянова жана УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев күбө катары чакырылып, суралды.

Сот отурумунун жүрүшүндө, Кеңешбек Дүйшөбаев Алексей Модин көрсөткөн иш бөлмөнү сұрөттөн көрсөтүштү. «Бул Текебаевдин иш бөлмөсү эмес. Сүрөттөгү иш бөлмө Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө окшош экен»,-деди.

Ал эми Модин болсо Атамбаев отурган иш бөлмөнү Текебаевдики деп айтып уят болгон. Тагырагы, 2010-жылдын 13-майында Леонид Маевский, Алексей Модин, Дүйшөнкул Чотонов жана Таалайбек Маматкеримов Жогорку Кеңештин имаратына келип, Текебаев менен анын №306 иш бөлмөсүндө жолугушуп, «Мегаком» уюлдук операторунун акцияларынын көзөмөлдөгү пакетин сатып алуу үчүн пара беришкенин айткан.

Эске сала кетсек, 29-августта Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. 12-сентябрда отурум болуп, ишти кароо тартиби бекитилген. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык шылуун ишкер, учурда түрмөдө отурган “Леонид Маевскийден пара алды» деген айып тагылып, Атамбаевдин буйругунун негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Мындай чечимди алар четке кагып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалашкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: