Мындай кырсык Өзбекстанда болгон. Бул тууралуу Ташкенттеги ИИМ алдындагы Тергөө департаменти журналисттерге билдирген.
Алардын билдирүүсүнө караганда, кырсык кечээ, 11-ноябрда Ташкент облусунун Куйичирчик районунда болгон. Андагы жеке турак үйдө газ акырындап чыгып отуруп жарылган. Кырсыктын кесепетинен эки киши каза болуп, төрт адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда ыкчам-тергөө тобу иш алып барууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ