Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт 2018-жылы бир нече категориядагы социалдык кызматкерлердин айлык маяналарын көтөрүүгө жетишти

Бөлүшүү:

Өкмөт 2018-жылы бир нече категориядагы социалдык кызматкерлердин айлык маяналарын көтөрүүгө жетишти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн жылдын бюджети социалдык багытын сактады. Бул тармакка 78,4 млрд сом бөлүнүп, 55,2 %ды түздү. Анын ичинен: билим берүүгө – 30,8 млрд. сом бөлүнүп (21,7%), 2017-жылга салыштырмалуу 42,0 млн. сомго көбөйгөн. Саламаттык сактоого – 19,4 млрд. сом бөлүндү (13,6%), 2017-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 1,8 млрд сомго көп болду. Социалдык коргоого – 29,6 млрд. сом бөлүндү (20,9%), 2017-жылга салыштырмалуу 3,4 млрд. сомго көбөйгөн. Маданият жана дин бөлүмү боюнча 3,2 млрд сом жумшалды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эң негизгиси 2018-жылы бир нече категориядагы социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин айылык акысы жогорулаганын белгиледи. Анын ичинде маданият тармагында 11 мекеменин кызматкерлеринин маянасы 80%га көтөрүлдү, илимий ишмердикти өнүктүрүү үчүн окумуштууларга ай сайын үстөк акынын өлчөмү белгиленди, машыктыруучулардын айлык маяналарын көбөйтүү маселеси чечилип, ал үчүн 2019-жылдын бюджетинде 103 млн сом каралды, социалдык коргоо жагынан бирөөнүн кароосуна дайыма муктаж болгон балдарга «персоналдуу ассистент» социалдык кызматы киргизилди. Баккан адамдарга, айрыкча энелерге ай сайын 4900 сомдон маяна төлөнүп бериле баштады, медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын ортоңку персоналдарынын айлыгы жогорулады, пенсиялар индексацияланганын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин башчысы билдиргендей, капиталдык салымдар боюнчасоциалдык-маданий багыттагы  156 объекттин курулуштары жана капиталдык оңдоп-түздөө иштери бүткөрүлдү. Анын ичинде: 95 мектеп, 8 бала бакча, 8 спорт комплекс, 8 саламаттык сактоо, 6 маданият үйү, 25 таза суу объекти бар. 251,2 км жол асфальттанды, 14 көпүрө салынды. Донордук уюмдар менен бирге иш алып баруу аркылуу жалпы 45 айыл (86,5 миң адам) таза суу менен камсыз болду.

Салыштыруу үчүн алсак, 2017-жылы  98 объектте куруу жана оңдоо иштери аяктаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: