Билдирүүнү Бишкек шаарынын тургуну Call-борборго жөнөткөн.
Анын айтымында, №38 мектептин спорт залында күндүзгү стационар ачылган. Бул жерге көптөгөн бейтаптар дарыланууга келишет. Ошол эле учурда, август айынан тарта мугалимдер жумушка чыгышы керек.
“Мектептин администрациясы мындай шарттарды койду: мугалимдер жумушка чыгып иштешет же болбосо алар эмгек акы төлөнбөгөн өргүү үчүн арыз жазышат” – деди ал.
Инфекция жуккан менен жукпагандарды бир жерге аралаштырууга уруксат берилип жатканына, аны менен катар мугалимдерди иштетүүгө мажбурлашкандарына ал нааразы болууда. Ошондой эле ал мугалимдер жуктуруп алса, ким жооп берет деп кызыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ