Menu

Ноябрда бүджеттин процифити 5 млрд сомду түзөт

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын ноябрында республикалык бүджеттин кирешеси 16 млрд 366 млн 207 миң сомду түзүүгө тийиш.

Казынага негизинен салыктын эсебинен түшөт – 9 млрд 623 млн 730,3 миң сом. Салык кызматы – 6 млрд 323 млн 730,3 миң сом, бажы кызматы – 3,3 млрд сом чогултууга милдеттүү. 514,6 млн сом Кумтөрдөн салык төлөмү катары түшөт.

5,7 млрд сом гранттардын эсебинен келет: Индия – 139,7 ммлн сом, Орусия – 2 млрд 92 млн 519,7 миң сом берсе, Азиялык өнүктүрүү банкы экономикалык диверсификацияны колдоо программасы боюнча 3 млрд 470 миң сом которот.

Салыксыз кирешелер 1 млрд 20 млн 519,7 миң сомду түзмөкчү, алардын 298,4 млн сому Экономиканы өнүктүрүү мамфонду берген насыя жана кредиттери боюнча түшсө, 286 млн 470 миң сом – мамлекеттик акция пакетине чегерилген дивиденддер.

Бул каражаттардын бир бөлүгү Экономиканы өнүктүрүү мамфондунун ички дебиторлук карызын жабууга (84.1 млн сом), мамлекеттик баалуу кагаздарды сатууга (631.6 млн сом) жана SWAp саламаттыкты сактоону кошумча каржылоого (11.4 млн сомов) сарпталат.

Ошентип, казнанын жалпы ресурсу ноябрда 17 млрд 93, 4 млн сомду түзөт (бул өткөн айдын калдыгы менен кошо), кетчү чыгымдар – 12 млрд 41,8 млн сом. Натыйжада ноябрда профицит 5 млрд 51,6 млн сомду түзмөкчү.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: