Menu

Англияда тарыхый айылдын тургундары казак олигархынын курулушуна каршы

Бөлүшүү:

Британиянын Чыгыш Сассексиндеги Ист-Хорсли айлынын тургундары казакстандык олигарх Нурлан Бизаков өзүнө тиешелүү жылкы чарбасында 205 турак жай курууну пландап жатканына каршы чыгышты.

Алар бул курулуштар айылдын 12-кылымдан бери калган тарыхый келбетин бузат деп эсептешет. Бул тууралуу британиялык Daily Mail басылмасы кабарлады.

Басылманын билдиришиче, бизнесмен Hesmonds Stud жылкы заводун 2010-жылы сатып алган. Ал кезде Ист-Хорслинин тургундары бизнесмендин инвестициясын колдошкон. Бирок 2019-жылы ал курулуш үчүн уруксат алган. Бул жашоочулардын нааразылыгын жараткан.

Нурлан Бизаков 2017-жылы Forbes журналынын версиясы боюнча эң бай 50 кишинин тизмесине кирген. Ал кезде анын байлыгы 445 миллион доллар деп эсептелген. Учурунда ал “Казкоммерцбанктын” директорлор кеңешинин мүчөсү, “ШНОС” компаниясынын башкаруу кеңешинин башчысы болгон.

Hesmonds Stud заводу таза кандуу жылкыларды таптайт. Андагы күлүктөр Англияда бир нече жолу байге алышкан. Чарбанын аймагы 160 гектарды түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: