Menu

Пара менен кармалган Аламүдүн районунун прокурору үй камагына бошотулду

Бөлүшүү:

Пара менен кармалган Аламүдүн районунун прокурору Эдил Стакеев үй камагына бошотулду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирди.

Алардын айтымында, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Мындан тышкары, сот райондук прокурордун орун басары Акылбек Мойдуновго карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун прокурору Эдил Стакеев жана анын орун басары Акылбек Мойдунов кармалган.

Аламүдүн районунун прокуратурасынын жетекчилиги тергөө бөлүмдөрү менен тымызын сүйлөшүп алып, туруктуу негизде тигил же бул процесстик чечимдерди кабыл алуу үчүн кылмыш иши козголгон адамдардан акча талап кылып, акча алып турушкандыгы аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: