Бишкектиктер муздак сууу менен канализацияны пайдалануу үчүн коюлган жаңы бааларды жокко чыгаруу боюнча арызданышты. Бул тууралуу 14-ноябрда кардарлардын укугун коргоо боюнча коомдук уюмдун директору Виктор Горев билдирди.
Анын айтымында, арыз кат Бишкек шаардык кеңешине, Бишкексууканалга жана Мамлекеттик антимонополиялык комитетке расмий жөнөтүлгөн. Жарандык активист жаңы баалар иштеп жаткан нормативдик-укуктук актыларды одоно бузуу менен кабыл алынганын белгиледи.
“Жаңы бааларды жокко чыгаруу керек. Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарын жер үйдөгүлөрдүн короосун сугарганга кетирген суу үчүн төлөткүлөрү бар. Эгерде менин дооматыма жооп беришпесе, мен жергиликтүү өзүн-өзү башкармалык органынын укуктук актысын мыйзамсыз деп табуу талабы менен сотко кайрылам. Буга жарандык кодекс мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары Башкы прокуратура менен Коопсуздук Кеңешине да кайрылайын деп жатам”, – дейт Виктор Горев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ