Азиянын аймактык чемпионатында (Борбордук зона) Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы 3-орунду алып, коло медаль тагынышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Кыргызстандын Волейбол федерациясынын сайтына жарыяланды.
Алардын маалыматына таянсак, чемпионат Бангладештин Дакка шаарында өтүүдө, мелдеш 7-ноябрда башталган. Мелдешке Кыргызстандын, Ооганстандын, Мальдивдин, Бангладештин, Непалдын командалары катышкан. Биздин кыздар 3-орун үчүн бангладештиктер менен ойноп, үч партияда жеңип, коло байге алышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ