Ош облусунун Өзген шаарынын тургуну, беш баланын энеси Наргиза Усманова дайынсыз жоголуп кеткен. Бул тууралуу 15-ноябрда Ош шаарынын ИИБиси билдирди. Маалыматка ылайык 39 жаштагы Наргиза 10-августта Ашимахунов көчөсүдө жайгашкан онкологиялык ооруканадан чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
Бою – 160-165, чачы узун – 40-50 см, жаагы узун, кара көз. Жашыл түстөгү көйнөк, кызыл түстөгү тапичке кийип, башында боз жоолук болгон. Улуту – өзбек. Кимде-ким уккан-билген болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап коюңуздар: 0553 28 32 93, 0773 28 32 93.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ