15-ноябрда ЖКнын “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйыныда депутат Нурбек Тотонов аткезчилик менен келген өрдөк этин эстеп, Кыргызстанга канча тонна келгенине жана аларды эмне кылышканына кызыкты. Экономкалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 80 тоннанын бардыгы соттун чечими менен өрттөлгөнүн айтышты.
Депутат эмнеге мынча көлөмдү өрттөп салышканына таңгалып: “Сатып жиберсе болбойт беле? Жок дегенде салыгын төлөтсөңөр болмок да, канчалаган акча күйүп кетип жатат”, – деди. Өкүлдөр соттун чечимин аткарышыканын айтышты эле, депутат: “80 тонна этти кайсыл жерден өрттөдүңөр? Кыскасы, 80 тонна шишкебек болуптурда, ээ?” – деди.
Азыркы тапта фракция жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү тармагындагы абал каралууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ