Мындай пикирин 15-ноябрда депутат Закир Шарапов “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында билдирди. Ал азыр эч ким пара алгандан коркпой калганын, ал эми соттор коррупционерлерди коркута албай калышканын, анткени соттор менен тергөөчүлөр кабыл алган чечими үчүн эч кандай жооп бербегендигин айтты.
Ошондо депутатка үч соттун иши тергелип, сотко жөнөтүлгөнүн, тергөөчүлөр боюнча да кылмыш иштер бар экенин айтып, бирок алар кабыл алган чечимдерге байланыштуу эместигин айтышты.
Депутат болсо энерго тармагында коррупция күч экенин баса белгиледи. “Кредит менен грант алган тармактар көбүрөөк коррупцияга чулганган, ал эми мамлекеттин үлүшү бар ишканалар кош бухгалтерия жүргүзүп келет, аларды жакшылап текшерүү керек”, – деди З.Шарапов.
Фракция жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү тармагындагы абал каралууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ