Menu

Атактуу актер Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкели тургузулат

Бөлүшүү:

КРнын эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөп, кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбой турганын айтты.

17-ноябрда – Кыргыз кино күнү белгиленет. Дал ошол күнү  актердун жаңы айкели тургузулат.

Негизи актердун айкели анын туулган күнүндө, 9-ноябрда, мурдагы ордуна (Бишкектеги Чүй менен Тыныстановдун көчөлөрүнүн кесилишине) коюлмак. Ал күнгө айкелди жасоого скульптордун автору жетишпей калганына байланыштуу, 17-ноябрда кино күнүнө карата тургузулмай болгон.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине Сүймөнкул Чокморовдун айкели тургузулган. Бирок, ал өзүнө окшошпой калганын коомчулук сынап чыккан. Ошондон уламбы, айтор, Маданият министрлигинин көркөм кеңеши аны алмаштыруу тууралуу чечим чыгарган. Быйыл кайрадан актердун айкелин жасоо боюнча төрт этаптан турган сынак өтүп, 18 адамдын ичинен Азамат Абдрахмановдун эмгеги тандалып алынган. “Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук” фонддун төрагасы Сагынбек Абдырахманов буга чейин айкелди социалдык тармакка тараткан. Аны коомчулук жактырып, эми окшошконун жазышкан эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: