Өлкөбүздө парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясаттын градусу жогорулап баратат. Акыркы мезгилде парламентаризм өнүгүп, шайлоонун жаңы эрежелери жана оюндары көп адамдын тынчын алып жатат шекилдүү. 9 пайыздык ченди төмөндөтүү, партиялык шайлоо системасын жокко чыгаруу сыяктуу чакырыктар ар кайсы жактан чыга баштады.
Ал эми дүйнөлүк практикага кайрылсак, күчтүү партиялык система гана тез өнүгүүгө өбөлгө болгонун көрө алабыз. Мисалы, АКШда эки гана партиянын оргосунда атаандаштык болуп келет. Президенттери дагы, Конгресске мүчөлөрү дагы шайлоого демократтар жана республикачылардын партияларынан аттанышат. Бул партиялар бири-бирин катуу көзөмөлдөп, алмак-салмак жеңип турушат. Ушундан улам, чыныгы демократия жана элдин бийлигин орнотуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
Кыргызстанда бир мандаттуу округдан шайлоо деген система прогресс эмес, регресске алып келет. Биз мындай системаны башыбыздан өткөргөнбүз, анын парламенттик өлкөдө келечеги жок. Чын-чынына келгенде, бир мандаттуу округдан шайлоо системасына бийлик кызыкдар болот. Мисалы, 30 округдан бийликтин кишилерине акчасын даярдап чыгарып коюшса, 30у тең жеңет.
Ал эми азыркы шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча мыйзамдар парламентке жаштардын, аялдардын, таланттуу адамдардын келишине жол берип, партиядагы «вождизмди» сүрүп чыгарат. Партияларга вождизм деген жат көрүнүштүн эмес,
идеянын айланасында чогулушат.
Ал эми 9 пайыздык чек дагы парламентаризмди күчтөндүрүүгө абдан зарыл кадам. Бул чара партияларды иргелештирүүгө жана майда, саны бар, сапаты жок партиялардын жоюлушуна алып келет.
Кыскасы, өнүгүү жолунда артка кайтпай, алдыга гана, жаңычылдыкка умтулушубуз зарыл. Ошондо гана мамлекетте чыныгы парламенттик демократия жана пикирлердин плюрализми орнойт.
Нургазы Айтмырзаев
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ