Бишкекте бир адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ШИИБнин басма сөз кызматы бидирди.
Алардын айтымында, 57 жаштагы Лим Чанг Су аттуу адам октябрда дайынсыз жоголгон. Ошого окшош адамдын жансыз денеси табылган. 18-октябрда А.Л. аттуу жаран арыз менен Октябрь РИИБге кайрылган. Анын арызында Лим Чанг Су аттуу досу 15-октябрда, саат 16:00 чамасында Бишкек шаарындагы «Золотой дракон» мейманканасынан чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ноябрда Чүй Чоң каналынан жоголгон жаранга окшоштугу бар адамдын жансыз денеси табылган. Бул боюнча учурда тергөө иштери жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ