Menu

Саймаитинин өлүмү боюнча ачык-айкын, тыкыр иликтөө жүрүшү керек…

Бөлүшүү:

Кыргызстандан миллиондогон долларды чыгарып кеткени айтылып жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде кечке жуук атып кетти. Түркиянын тергөө органдары Саймаити өлтүрүлгөн жердеги машиненин номуру кыргыз консулдугуна таандык болгонун айтып чыккан. Эртеси Тышкы иштер министрлиги автоунаасынын номуру Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таандык экенин тастыктап, жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковдуку болгонун ырастады.

Сопоков кандуу окуя болгон жерде эмнеге анын машинеси турганын түшүндүрүп бере албагандыгын билдирген Тышкы иштер министрлиги ал кызматтык эрежени көзгө илбегени үчүн кызматтан алынганын, анткени Сопоков буга чейин да кемчилик кетирип, айдоочусу Хавазов менен жол эрежесин бузуп, консул сөгүш алып, айдоочу кызматтан бошотулганын маалымдады. Ал эми Прокуратура Сопоков 2017-жылдын бирдиктүү декларациясын тапшырбаганын аныктап чыкты. Мындан улам Президент Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол коюп, Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консул Эркин Сопоковду ээлеген кызматынан бошотту.

ММКларда Эркин Сопоков эки жылдан ашык убакыттан бери Стамбулдагы башкы консул болуп иштеп келгени жазылып, ага чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык делген «Кыргызавтомаш» заводундагы айдоочулуктан ишин баштап, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын жетекчисинин орун басары болуп иштегени айтылды. Кадамжайлык Сопоков дипломатиялык кызматка дайындалган учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен жакын мамиледе болгону билинди.

Ошол күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тарабынан Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айэркен Саймаитиге сентябрь айында издөө жарыяланганын жар салды. Ага улай, 13-ноябрдагы парламент жыйынында ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев ишкер Айэркен Саймаитиге 2017-жылы өзүнүн өнөктөшү, кытай жаранынан 3 млн. 28 миң 168 доллар турган товарды жана акчаны алдап кеткен факты боюнча, Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун айтып, ага эл аралык издөө жарыяланганын жар салды.

Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктар кармалганы боюнча Түркиянын Адана шаардык полициясы билдирүү таратып, кармалгандардын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык болгонун кабарлаган. Ошол күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары кармалгандар кыргызстандыктар болбошу да мүмкүн деген билдирүү менен чыккан. Кечээ күнү Мамкаттоо кызматы Саймаитинин өлүмүнө шектүү деп кармалган Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер Кыргызстандын жараны эмес экендигин аныктап, улуттук паспорттордун бирдиктүү реестрине ылайык, бул адамдарга Кыргызстандын паспорту берилген эместигин билдирди.

Чуулгандуу өлүм боюнча маселе Жогорку Кеңеште дагы талкууланып, Саймаитинин автоунаасы консулдукка тиешелүү болуп чыкканы жана аны өлтүрдү деп кармалгандар Кыргызстандын жарандары экендиги тууралуу маалымат өлкөнүн имиджине көлөкө түшүргөнү айтылды.

Ички иштер министрлиги Саймаитиге жасалма паспорт Сузакта берилгенин, бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш быйыл июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып коюлгнын билдирди. Кечээ Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшериш үчүн мекеме аралык жумушчу топ түзүлгөнү, алар жакынкы күндөрү Стамбулга сапар тартары жарыяланды.

Жумушчу топко Башкы прокуратуранын, УКМК жана ТИМдин өкүлдөрү кирген. Сопоковдун ишиндеги кемчиликтерди текшерип, окуянын чоо-жайын тактап келишмекчи.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: