Menu

Фото – КР ТИМ Башчысы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 40-сессиясынын ишине катышууда

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 12-27-ноябрында Париж шаарында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 40-сессиясы өтүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сессияда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган КР делегациясы катышууда. Ошондой эле кыргыз делегациясынын курамына КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Жооптуу катчысы Сабира Солтонгельдиева, КР маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана ЮНЕСКОнун КРдагы ассоциацияланган мектептеринин өкүлдөрү кирет.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков 2019-жылдын 18-ноябрында Башкы конференциянын жалпы саясий дебаттарында чыгып сөз сүйлөдү, анда кеңири мандатты эске алуу менен, мүчө-мамлекеттердин 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүсүндө ЮНЕСКОнун өзгөчө ролун баса белгиледи. Азыркы учурда, Кыргызстан 2020-жылы ЭКОСОСто көрсөтүлө турган Туруктуу өнүгүү максаттары 2030 боюнча Ыктыярдуу улуттук баяндама даярдоо боюнча иш жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

Ч.Айдарбеков билим берүү, илим жана маданият, ошондой эле гендердик тең салмактуулук жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү чөйрөлөрдө өлкөнүн жетишкендиктери жана приоритеттери жөнүндө маалымат берди, ошондой эле мөңгүлөрдүн эрүүсү, суу ресурстарын рационалдуу башкаруу жана тоолуу экосистемаларды сактоо көйгөйлөрүн чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ушуга байланыштуу, климаттын өзгөрүүсү тууралуу Париж макулдашуусун Кыргызстандын жакында ратификациялагандыгын белгилеп, ЮНЕСКОнун мүчө-мамлекеттерине Тоолуу өнөктөштүктү кеңейтүү, ак илбирсти жана тоолуу экосистемаларды коргоо, мөңгүлөрдүн ээрүүсү көйгөйү боюнча Кыргызстандын эл аралык демилгелерин колдоо тууралуу өтүнүч менен кайрылды.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясынын Башчысы 2019-2023- жылдарга Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешине шайлоого катышуу үчүн биринчи жолу өз талапкерлигин көрсөткөндүгүн белгилеп, шайланып калса биздин өлкө ЮНЕСКОнун ролун жогорулатуу үчүн, ошондой эле Уюм жана мүчө-мамлекеттер менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн жигердүү күч-аракет жумшай тургандыгына ишендирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: