Menu

Америкалыктар Кыргызстанда төңкөрүш жасаганга даярданып жатабы?

Бөлүшүү:

АКШ ийгиликтүү уюштурган же колдоп берген төңкөрүштөрдүн катарына жакында Боливия кошулду. Америкалыктар дагы бир Латын Америкадагы өлкөдө – Венесуэлада төңкөрүш жасай албай калганына реванш жасай алды. Массалык тополоңдор Гонконг менен Иранда албууттанып турат. Себеби да ар кандай. Бириктиргени –  АКШнын кулагы көрүнүп калып жатпайбы.

Эми ыңкылаптын толкунун кайрадан Кыргызстанга оодаргысы келип турушат.

Мамлекеттик төңкөрүш Вашингтонго эмнеге керек? Себеби оголе көп. Америкалыктар жердин кайсыл бурчунда гана болбосун, алардын кызыкчылыктарына шек келтиргендерди кечире алышпайт. “Манас” аэропортундагы америкалык аскердик базасынан куулгандан кийин Кыргызстан башка өлкөлөргө жаман үлгү көрсөтүп койду. Өздөрү эсептегендей, Улуу Американын алдында коркпой, тил албай койгонубуз, көкөйлөрүнө көк таштай тийгендей.

Кыргыз бийлигин тил алчаак кылбаса болбойт (андан көрө алмаштыруу оңой). Кезектеги кыргыз-америкалык келишимге кол коердо, Кыргызстан тарап 2015-жылы бир тараптуу келишимден чыгып кетти. АКШнын таңуулаган саясатына каршы туруп койду.

Анан, албетте, америкалыктарды канчалык чизбургер менен топук кылба, Орусияга далысын салганы салган. Канчалык Кыргызстан менен Орусиянын байланышы бекем болсо, ошончолук Вашингтонго жаман. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков АКШ менен Батыш Европанын басымына карабай, Орусия менен мамилесин бекемдеп келет.

Ошол үчүн төңкөрүш жасоого себептер толтура. Ал эми нааразычылык үчүн себеп табуу оңой эле. Болбой калды дегенде, коррупция турат! Кайсыл карапайым киши коррупциянын бетин ачканга каршы болсун?

Анан эле америкалыктар Кыргызстандагы коррупциянын бетин ачкан тарап болуп чыга келди.

Азыркы бийликке болгон маалыматтык чабуул 20-ноябрдан 21ине караган түнү башталган. Таңды күтпөй, бардыгын айкын кылабыз деп ашыгып турушту. Бул акцияны алар массалык артдаярдык катары ойлонушуп, замбиректен аткандай кылгылары келди – бир убакта ар кайсыл сайттардан аткылашты.

Ал “Азаттык” радиосунун, “Клооп” интернет-басылмасынын жана OCCRPдин журналисттик иликтөөсү – коррупция жана уюшулган кылмыштуулукту иликтөө боюнча эл аралык долбоорго айланып, алардын кызматкерлери бул иликтөөнүн башында турушту.

Мындай карасаң, бардыгы туура сыяктуу, бирок бул уюмдардын бардыгы америкалыктар тарабынан түзүлгөн, демек, Американын кызыкчылыгын коргошот. “Азаттык” – “Свобода” радиосунун филиалы – АКШ конгресси тарабынан каржыланат. “Клооп” дагы батыштын гранттары менен жашайт. OCCRP – кызыктуу уюм – негизги каражат булагы – АКШ агенттигинен эл аралык өнүгүү боюнча (USAID) алат, алардын арасында Сорос фонду да бар.

Буга үгүттөөчү канал болгон “Настоящая время” кошулду – “Свобода” менен “Голос Америка” радиолорунун биргелешкен долбоору, ал Украинадагы төңкөрүштө түзүлгөн. Бул канал да өз учурунда “замбирегин” октоп, аталган иликтөө боюнча маалыматты шашылыш бере баштады.

Бул басылмалардын бардыгы бир материалды ар кандай өңүттө берип турушту. Демек, алдын ала ойлонуштурганы көз көрүнөө.

Мамлекеттик төңкөрүш темасы жөн эле чыга калбайт – Орто Азия менен Кыргызстандагы коррупцияга малынган аткезчилик схемалар эң сонун курал.

Жетиштүү эле каражат жумшалган бул иликтөөнүн көзүрү – Айэркен Саймаити болду – качкын бизнесмен, 10-ноябрда Ыстамбулда атылды.

Ошентип төңкөрүш үчүн үч себеп табылды.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Саймаити “Азаттыктын” иликтөөсүндө Кыргызстандан чыгарылган 700 млн долларга тиешеси болуп, чуу болду…

Ысымы аталды, киши көрсөтүлдү, эми аны садага чаба берсе болот.

Анан эле өлүп калган бизнесмен бардыгын ачык айта баштады… Иликтөөнүн авторлору аркылуу дечи…

Иликтегендер бекемдегендей, дал ушул Саймаити Орто Азиядагы “көмүскө жүк империясынын” документтерин берген экен, анын башында – Кытайда туулган Хабибула Абдукадыр турган экен.

Бирок табышмактын жандырмагы болбоду, ким Ыстамбулдан Саймаитинин тилин бошотуп, ким эмне убада берген же эмнеге коркуткан? Эмнеге жылкы теппей, жылан чакпай туруп эле качкын бизнесмен түрмө күтүп турганын билип туруп, мынчалык бардыгын ачыктап олтурат? Эгерде иликтөөнүн авторлоруна ишенсек, максаты – Раим-миллион атка конгон белгилүү Райымбек Матраимовдун кыңыр иштери  жөнүндө маалыматтарды төгүп салыптыр.

Бирок бул иликтөө эпопеясы Саймаитинин өлүмү менен аяктап олтурат. (Эмнеге ымандай сырын төккөнү белгисиз).

“Кара киши кара ишин кылды, эми кете берсе болот” дегендей эле кеп болду.

Өзүн садага чапты. “Ыйык” жашоосун. Бул мамлекеттик төңкөрүштү кылуунун үчүнчү жүйөөсү.

Анча-мынчаны аңдабаган киши деле бул акцияны атайын жасагандары көрүнүп турат, болгондо да жергиликтүү кабарчылар гана эмес, алардын артында эл аралык изилдөөнү билген тажрыйбалуу адистер, аны менен бирге АМЕРИКАЛЫК АТАЙЫН КЫЗМАТТАР турганы түшүнүктүү болуп калды. Баягыл эле сценарий, бул Укранинада, Латын Американын кээ бир өлкөлөрүндө жүзөгө ашкан.

Ушул эле сценарий менен Ирак, Ливия жана Сирия аңгырап эле жатып калды. Югославияны тытмалашты, жүз миңдеген тынч жарандар менен кичинекей балдар набыт кетти.

Биз, кыргызстандыктар, өлкөбүзгө ушуну каалайбызбы? Үчүнчү революцияны өлкө да, эл да көтөрө албайт.

Үчүнчү революция Кыргызстанда жарандык согуш менен аяктайт.

Алгач майда топтордун ортосундагы согуштар башталат: бүгүн атамбаевчилер, текебаевчилер, бийликчилер. Анан бакиевчилер тартылат (өтө тездик менен). Бөлүнүүнү эч ким жокко чыгара элек, ага кошумча диний түшүнбөстүктөр бар…

Ушундай себептердин айынан өлкөдө курал-жарак көбөйөт. Андан ары улантып да кереги жок. Анда эмне болорун ар бирибиз эле билип турабыз.

Ал эми Кыргызстандын жаштары маалымат чабуулуна каныгып, митингге чыгууга даяр… Жөөлөшкөнгө жоо же тоо таппай турган учуру. Бирок ал кимдир-бирөө үчүн эң акыркысы болуп калышы мүмкүн.

“Дело№” гезитинин редакциясы

Кыргызчылаган Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: