Menu

Академик Акматалиевдин алтынчы китеби Турцияда жарык көрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз адабияты жана адабият-таануусу Эгемендүү мезгилден тартып чет мамлекеттердерде кеңири жайылтыла башташы кубандырат. “Манас” эпосу баштаган оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү, Ч.Айтматовдун, Т.Касымбековдун, Б.Жакиевдин, О.Султановдун, К.Жусуповдун ж.б. чыгармалары түрк тилине которулуп, окурмандардын кызыгуусуна айланып келе жатат.

Ошону менен бирге адабият таануу илиминде академик Абдылдажан Акматалиевдин “Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү” (1999-жыл), “Кыргыз фольклору жана тарыхый инсандар” (2001-жыл), “Аалам, Адам жана Жаабарс” (2008-жыл), “Чагылган үндүү Манасчы Айтматов” (2008-жыл), “Аалам кезип Айтматовдон салам айт” (2019-жыл), “Айтматов жөнүндө этюд” (2019-жыл) китептери түрк тилинде басылып чыкты.

Академик Абдылдажан Акматалиевди түрк окумуштуулары жана окурмандары жакшы билишет. Ал “Манас” эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча Турцияда ондогон эл аралык конференцияларды уюштурууга катышып, ага улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өзү да күбө болгон учурлары болгон. Окумуштуунун 20дан ашуун макалалары “Билге”, “Билиг”, “Түрк адабияты жана тили” деген журналдарга түрк тилинде басылып чыккан. Бул журналдардын редколлегия мүчөсү. “Түрк дүйнөсү” деген 33 томдук китептин кыргыз адабияты боюнча координатору болуп, кыргыз акын-жазуучулардын 300дөн ашуунун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштырган. Түрк кадрларын тарбиялоодо да эмгек сиңирип 4 кандидаттык диссертациясына жетекчилик кылган.

Академик Абдылдажан Акматалиевдин эмгеги бааланып, ‘ТүркДил” курумунун академиги болуп шайланган.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: