Menu

“Отко салса күйбөс” чиновниктердин сап башында Исаев турабы?

Бөлүшүү:

Коом учурда эски саясатчылардан тажады. Ачык эле өздөрүнүн жеке пикирлерин түз айтып макала жазганы мындан, соц. желелерде тилдеп, “саясий система өзгөрсүн, жаңы жүздөр келсин” дегендери андан көп. Чындап, эски системадан баардыгы чарчап бүткөндөй. Буга азыркы саясий системанын элди эмес, жеке керт баштарын ойлогон, бизнесин коргогон бир ууч топтун эле кызыкчылыгы корголгон система курулуп калганы себеп болду окшойт. Айтор, “аа” деп ооз ачкан адамдын эле оозунан, аңырайып азыркылардын “аптаракаты” агылып түшөт. Айтпаганда кантет эле? Азыркы чиновниктердин бийликтеги орду ачык эле көрүнүп турса. Айрыкча, акыркы эле жылдардагы Кыргызстандагы саясий жетекчилик, өзгөчө эл камында жүргөн парламенттин ички кухнясы таасын көрүнбөдүбү. Ката жазуулар, “миллиондук” тойлор, автордук баскынчылык, “чимкирик” атка конуу сыяктуулар алардын ким экенин билдирди.

Мунун кесепети кайдан чыгып жатат дейсиздер? Албетте, тандоодогу катачылыктар. Шайлоо дегенде эле шатырап партиялар түзүлүп, “олигархтардын” бириге калганы да буга кошумча. Шайлоодо тандоонун жоктугу. Албетте, жакшысын, тазасын, таасирдүүсүн. Аргабыз курганда, акчанын кулу болуп калганыбыз. Эми бул жагы узун сабак кеп.

Ага карабай, ачык эле элдин кызыкчылыгын жеке керт баштарына айры баштап, эки маска менен жүргөн, бизнесин коргош үчүн кылбагынды кылып, келген бийликтин жалачу жерин жалап, абийрин саткандар тууралуу кеп кылалычы.

“Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоого жакындап калганда эле түзүлүп, аламан жарышка чыга калганын жамы журт жакшы билет. Анан дагы аталган партиянын катарына жалаң ашынган бизнесмендер, акчалуулар гана толуп алганы маалым. “Спортсмен”, “спиртсмени” да бар. Ал эми “бизнес” деген сөздү тиешелүү адистер чечмелеп берсе, ал “жеке кызыкчылык, өзүн гана ойлоо” маанини туюндурат эмеспи. Ишкерлик деген башка кеп. Албетте, булардын баары бизнесмендер экен деп кодулап аткан эч ким жок. Болгону кандай кызыкчылык менен парламентке келгендери кызык. Парламент өлкө үчүн керектүү мыйзамдарды жаза турган орган. Ал “кызыкчылыктар” тууралуу өзүнчө сөз болсун. Бу жолу биз аталган партиянын анабашчыларынын бири, мурдагы “республикачы” депутат, андан кийинки Чүй облусунун губернатору, Курманбек Бакиев доорунда Токмок шаарын жетектеген Канатбек Исаев тууралуу сөз кылгыбыз келип туру. Жакында эле Ширин Айтматова дал ушул Канат Исаевдин бир кезде Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде жасаган кылмыштуу иштерди кайрадан көтөрүп чыкты. Буга чычалаган Исаев “Азаттык” аркылуу маек куруп, Айтматованы сотко берээрин, анын айткандары жалган экенин жашырган жок. Ошентсе да коомдо Исаевдин ким экенин билгендер бир топ эле сөздөрдү айтышты. Исаевди колдогондор аз болуп, Айтматованы сүрөгөндөр көп чыкты. Кыязы, Исаевдин илинчек иштери көп окшобойбу, Айтматованын айткандары боюнча акыркы айтылган сөзүндөй аягына чыгып, сотто өзүн актоо үчүн аракет деле кылган жок.

Жаңылбасак, 2010-жылы мамлекеттик финансы полициясы кызматы тарабынан Канатбек Исаевге карата эки кылмыш иши козголгон болчу. Анын биринчиси 2010-жылдын 26-июнунда Чүй облусу боюнча мамлекеттик финансы полициясы кызматынын башкармалыгы тарабынан 304-берененин 3-бөлүгү 1-пункту жана 305-берененин 1-бөлүгү боюнча иш ачылган. Муну басылманын көпчүлүгү жазып чыгышкан. Бул кылмыш ишинин таржымалы мындай: Канатбек Кедейканович Токмок шаарынын мэри болуп турганда “Ак-Була” ААКсынын мурдагы жатаканасынын имаратын төмөндөтүлгөн баада мыйзамсыз сатууга уруксат берип койгондугу болгон. Анын кесепетинен мамлекетке 2 млн. 117 миң 880 сом зыян келген. Аталган жатакананын имараты 2008-жылдын 13-мартында Токмок шаарынын муниципиалдык менчик башкармалыгынын башчысынын сунушу менен шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлуп, жыйынтыгында жатакана социалдык инфраструктурадагы объектилердин катарынан чыгарылып, турак-жай эмес имараттардын катарына киргизилген. Анан 2008-жылдын 7-июлунда Токмок шаарынын муниципиалдык менчик башкармалыгы “Тана” ЖЧКсы менен “Ак-Буланын” мурдагы жатаканасынын имаратын баалоо өндүрүшү тууралуу келишим түзөт. Баалоо “Таңа” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, ошол эле жылдын 16-июлунда жатакананын базар баасы 4 млн. 703 миң 713 сомго бааланат. Ал имараттын 30% эскилиги жеткендигин эске алуу менен бааланган. Бул сумма Токмок шаардык мэриясынын жер боюнча комиссиясынын отурумунда бекитилген. Анан кайра 2009-жылдын 10-февралында Токмок мэриясынын жер боюнча комиссиясынын отурумунда жатакананын имаратын кайрадан баалоо жана андан ары аны түз сатуу жолу менен реализациялоо тууралуу мыйзамсыз чечими кабыл алынат. Ошентип “Тана” ЖЧКсы имаратты кайрадан баалап, анын базар баасын болгону 2 млн. 857 миң 500 сом деп табат. Баарынан кызыгы бул жолу имараттын 60%ы эскилиги жеткен деп эсептелинет. Ошондо жарым жылга жетпеген убакыт аралыгында имараттын дагы 30%ы эскирип калган болобу? Мындан сырткары, экинчи жолку баалоодо 470 640 даана кирпичтин баасы кошулбай калган. Анын ошол убактагы базар баасы болгон 4 сом 50 тыйындан эсептегенде жалпы суммасы 2 млн. 117 миң 880 сом болмок. Бирок, анын баары эске алынбай 2009-жылдын 13-июлунда Токмок мэри болуп турган Канатбек мырза Кыргыз Республикасынын “муниципиалдык менчик тууралуу” мыйзамын бузуп, “Ак-Була” ААКсынын мурдагы жатаканасынын имаратын 2 млн. 857 миң 500 сомго түз сатуу жолу менен жеке менчикке берип коет. Ошентип, ал мамлекетке 2 млн. 117 миң 880 сом зыян алып келген. Натыйжада ага 2010-жылы жогоруда белгилеп кеткен беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча Канат Исаев өткөн жылы ал иштердин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш ишин токтотуп, андан акталып чыкты.

Экинчи кылмыш иши Исаевге Ширин Айтматова сөз кылгандай 2010-жылдын 2-ноябрында шаардык китепкананы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берип койгондугу үчүн иш козголгон. Ал иш козголгону менен кайра ошол эле жылы токтотулган. Арадан эки жыл өткөн соң бул кылмыш иштин токтотулушу Башкы прокуратура тарабынан алынып салынган. Ошентип, 2012-жылдын декабрь айында иш кайрадан жаңырган. Бирок, арадан бир жыл өтүп-өтпөй иш кайрадан токтотулат. Эмне себептен экен дебейсиздерби? Көрсө, Канатбек Исаев тергөөгө медициналык документ алып келип тапшырган экен. Ал эмне болгон справка деген суроо жаралат. Тагыраак айтсак, ага карата козголгон экинчи кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 2-пункту боюнча (айыпталуучунун мамлекеттик мекемелерде иштеген дарыгерлер тарабынан психикалык, же башка оор оорусу күбөлөндүрүлгөнүнө байланыштуу) токтотулган. Ошондо, Канатбек Кедейканович кайсы оору менен жабыркары ушул кезге чейин табышмак. Биз андай, мындай дей албайбыз, ошентсе да, өзү окуянын чоо-жайын кенен баяндап берсе, коомчулуктун да бүйүрү кызыбай калат эле да.

Эми Исаевдин мындай амалдуу иштерден “апапак” болуп чыга келишинин, отко салса күйбөс, сууга салса чөккүс себептери Кыргызстандык “төркүндөргө” деле маалым болду окшойт. Былыктарынын көптүгүнөнбү же өп-чап “жабышма” өрттүгүнөнбү айтор, ар дайым алмашып келген бийликтин тушунда анын кыңыр иштери кырылып чыгат деле, кайрадан “кара тизмеге” кирип калат. Анын буга чейин бийлик десе ичкен ашын жерге таштаган бийликчил “бийиктигин” билбей жүргөнүбүз менен акыркы эле аракеттеринен анын ким экенин даана эле көргөндөй болдук окшой. Атамбаевдик “ашмалтай” бийликтин бир аптабы алсырап баратканда, ал абакта эле. Ал көргөн “саясий буйрутма” жоруктары менен абакка аттабагандар аз болду. Ал биринчилерден болуп бошонуп чыгып, кала берсе Атамбаевди каралоодо каруусун казык, жанын азык кылгандардын заматта сап башына чыга калды. Ал турсун акырын Атамбаевге карата айтылып жаткан анын Турциядагы байлыктарынын изине түшүп, “изилдегич” болуп кеткени да айтыла калды. Билбейт элек, “Бакыт Жетигенов бастырып ийиптир” деген кептер тарабаса. Дал ушундай сөз тараган соң, Исаев өзүнүн чет жакта жүргөнүн айтып, ал турсун сыртта жүргөнүн ырастаган документтери менен тааныштырып жибере жаздаган. Ким билсин, Жетигенов менен болгон окуя жердин жети кабатына чейин сиңгиче камырабаган Канат Исаев, мүмкүн “көктөрүн” таратуу үчүн чет жака чыгып кетти беле? Эмнеси болсо да, алардын баары ал кишинин ичинде калды. Атамбаевди “алдына басып берем” менен алек болуп бийликке жагынып жатканын, ага ачуусу келген Жетигенов “жесть” көрсөтүп койгонун ошол кезде жазып чыккандар ого эле көп болгон. Шамал болбосо чөп башы кыймылдабайт эмеспи. Айталы дегенибиз, ар сөздүн башын айландырууда деле эмес. Дегинкиси, Исаевдин эл ичиндеги ат тезеги кургабай айтылып, делинип жаткан иштеринин этеги эмне менен бүтүп жатканынын төркүнү, төшү түктүү эрдигинде деле эмес, бийликчил, кошоматка кой сойгучтугундабы (?) дегибиз келип турат.

Баймырза Накай

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: