Бүгүн, 19-ноябрда, 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешип, 90 мүнөттүк оюнда 1:1 эсеби менен тең чыкты.
1-таймдагы 45 мүнөттүк оюндун 16-мүнөтүндө тажик футболчусу Жахонгир Эргашев дарбазага гол киргизип, эсепти ачты. 2-таймда Кыргызстандын коргоочусу Тамирлан Козубаев дарбазага гол киргизип, эсепти теңеди. Ошентип, Кыргызстан менен Тажикстандын командалары бирдей балл алып, 7ден упай топтоду. Тайпалык рейтингде япон футболчулары 12 упай менен алдыда.
Эске сала кетсек, 14-ноябрда Кыргызстан менен Жапониянын футболчулары ойноп, жыйынтыгында, Жапония 2:0 эсебинде Кыргызстанды утуп алган.
Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтөт. 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылдагы Азия кубогуна футбол боюнча кандай даярдык жүрүп жатканы тууралуу 6-ноябрда Өкмөттө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова атайын жыйын өткөргөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ