Бишкек шаарында балакатка жеткен баланы машина сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда, күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, «Хонда Фит» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу кечээ, 19-ноябрда Горький көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерден кичинекей бала өтүп бара жатканда айдоочу жол бербей, аны сүзүп кеткени аз келгенсип, качууга аракет кылган. Аны күбөлөр токтотуп, кармап калышкан. Өспүрүм балага жардам беришип, жолдон өткөрүп коюшкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ