Menu

Кызматтан түшкөндөн кийин бат эле “байып” кеткен Зилалиевдин соту жылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-ноябрда, Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин соту уланды. Бүгүнкү отурумда төрт күбө көрсөтмө бергени менен сот 27-ноябрда жылып калды. Күбөлөр ошондо сурала турган болду.

Эске сала кетсек, 2010-2017-жылдары Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козголгон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган. Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Ала эми анын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан тұшкөндөн кийин байыган экен. Ким ишенет?.. Эгер чын болсо, мынча арыктабай эле да?..

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: