Menu

Карасартова менен Карамушкинада эмне мандем бар?

Бөлүшүү:

Айкырчаак аялдарга «аялуу» суроолорду жолдойлу. Чапкан жерден эле көз чыкпайт да, туурабы?..

Бейөкмөтчү Рита Карасартова көп учурда эмоцияга алдырып, бийлик органдарына жалаа жапканга далбастап, андан пиар жасап, кара жанын карч урганы эмнеси? Мамлекетибизди каралоо үчүн чет элден алган миңдеген долларбайларын актоого жан сабай береби? Рита айым кымбат ресторандардан тамактанары, 7 миң долларга чейин маяна алганы жалганбы? Батыштын гана кызыкчылыгына алдырбай, өнүгүү боюнча да ой-сунуш айтса болбойбу?Жо-ок, беттен алып эле каралоону катырсаң, ошого жараша капчык кампаябы?..

Ал эми Ирина Карамушкина болсо, кыргыздардын улуттук баалуулуктарына шек келтирип, коомчулукту козутууга ар дайым «арылдап» чыкканы кандай? Бул аялдын көзүнө Атамбаев гана «периште» көрүнүп, ыңгайы келсе эле дүрбөлөң салууга жулуна береби? Кой-Таш окуясында кандай аракеттерге барганы, анын айынан кылмыш ишине да илинди го? Эгерде Карамушкинанын «бир жерине» күч келсе, Россияга ооп кетери кеп эмеспи?

Айтор, бул айымдарга мамлекеттин туруктуулугу, өнүгүүсү эмес, чыр-чатак гана керекпи? Экөөнөн коомчулук деле тажап бүткөндөй, акылдарына качан келишет?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: