Menu

Кыргызды кыргыз өгөйлөгөн заманбы, ыя, депутаттар?

Бөлүшүү:

Тажикстандан келген Аким Кожоев аттуу мекендешибиз Жогорку Кеңештин  депуттарына кайрылып, сырттан келген кыргыздарга өз Мекенинде далысын салып жатканын айтып, орчундуу маселени көтөргөн. Ал өзүнүн Facebook баракчасына “кыйкырсак, бизди ким угат?” дегендей эле минтип жазды:

“Урматтуу кыргыз элим, кадырман достор, адам тагдырына кайдыгер эмес инсандар!

Бир олуттуу маселе боюнча сиздерге кайрылууга мажбур болуп жатам. Жерге-Талдан жакын тууганым катуу ооруп келген. Бөйрөктөрү жакшы иштебей калып, бир канча айдан бери байма-бай гемодиализ аппаратынын жардамына муктаж. Буга чейин Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында дарыланып, он беш күн мурда үй-бүлөсү менен Кыргызстанга келди. Кайрылман макамын алмакка миграция кызматына кайрылсак, ЖААЖБсында (ЗАГС) фамилиясынын бир тамгасы бөлөкчө жазылып калыптыр. Башкача айтканда, “Шатурсунов – Шотурсунов” деп жазылыптыр. Ошого шылтоолоп документтерди кабыл албай коюшту. Ал эми паспорту менен күбөлүгүндөгү аты-жөнү окшош. Негизги документ паспорт менен күбөлүк болгондон кийин мынчалык кыйкымчылыктын кереги барбы?! Адамдын өмүрү менен тагдыры бычактын мизинде турганда ыкчам жардам берүүнүн ордуна тиякка-биякка чурката берүү деги адамгерчиликке жатабы?..

Менин да документтеримде айырмачылыктар бар. Мен билгенден азыр Тажикстандан келип жаткандардын бир канчасынын документтери ушинтип бузулган. Аны шылтоолоп биздикилер кабыл алышпайт, ал эми Жерге-Талда документти кайра оңдогону үчүн олчойгон акча талап кылышарын угуп жүрөм. Бул өзүнчө бизнеске, акча табуунун коррупциялашкан булагына айланганы анык. Эки ортодо кыйналып жаткан байкуш элдин шору. Дагы бир жаман жери Кара-Тегиндеги жер-суу аттары сыяктуу эле кыргызча адам аттарын да тажиктештирүү жүрүүдө. Мисалы, мени кайнимдин балдарынын атын азан чакырып, Шерзат, Бекзат койсо, күбөлүгүндө Шерзод, Бекзод деп «тажикчелеп» салышкан. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын көпчүлүгүнүн ысымы ушинтип тажиктештирилген. Алардын көпчүлүгү эми тажикчелешкен атын кыргызча кылуу менен убара. Бул нерсе оңой эле чечиле койсо кана!

Ансыз да чачылып, чарпылып келген элди убара кылбай, алардын документтериндеги атайылап бузулган, бурмаланган айырмачылыктарды мындан ары Кыргызстандын өзүндө эле тактоо керек деп ойлойм.

Дагы бир орчундуу маселе, Тажикстан менен Өзбекстандан көчүп келген кыргыздардын бир даары жыл башынан бери балагатка жеткен балдарына паспорт ала албай азап чегишүүдө. Жаңы жобо боюнча бала он алтыдан өтүп кетсе, анын жарандыгы текшерилиш керек экен. Бул маалыматты укканда мен катуу таң калдым: баланын ата-энеси Кыргызстандын жараны болсо, КЫРГЫЗ БОЛСО, бала Кыргызстанда төрөлүп, Кыргызстандын күбөлүгүн алса, анын жарандыгы кантип текшерилет? Бул эмне болгон сандырак сөз! Тескерисинче, ушундай абсурд мыйзамдардарды, жоболорду чүркөгөндөрдүн психикалык абалын текшериш керек! Бул да атайын ойлонулган коррупциялык схема, ансыз да чайналып жаткан элди кыйноонун дагы бир амалы болбосо, башка эч нерсе дей албайм! Мен бул эки маселенин Жогорку Кеңеште каралышын эл өкүлдөрүнөн өтүнөм.

Урматтуу достор, баарыңыздардын үн кошууңуздары суранам!”

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: