Menu

Москвада Борис Немцовдун сүрөтү тагылган ГАЗель изделүүдө

Бөлүшүү:

Москвада тартип сакчылары Борис Немцовдун бейнеси тагылган ГАЗелди  издешүүдө. Жергиликтүү тургундар аталган автоунаадагы сүрөттүн жанында “чагымчыл” мүнөздөгү жазуу бар экендигин билдиришкен.

Автоунаанын мамлекеттик номери аныкталганы менен ал азырынча табыла элек.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Немцовдун элеси тушүрүлүп, “Реформалар акча түгөнгөндө башталат” деген жазуу коштолгон автоунаанын сүрөтү тараган.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы Борис Немцов 2015-жылдын 28-февралына караган түнү атып өлтүрүлгөн. Бул үчүн беш адам айыпталып, кармалган. Тергөө Чеченстан ИИМинин “Түндүк” батальонунун мурдагы жоокери Руслан Мухудиновду бул кылмыштын уюштуруучусу деп эсептейт. Немцовдун жакындары менен тарапташтары болсо өлүмгө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар деп айтып чыгышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: