Menu

Күзгү сасык тумоодон сак болуңуз

Бөлүшүү:

Күзүндө аба ырайы бирде ысып, бирде суук болуп бат-бат өзгөрүп турат. Абанын бир калыпта кармалбагандыгы жана сууктун түшүшү менен сасык тумоо дарты менен жабыркаган адамдардын саны дагы көбөйө баштайт. Сасык тумоо — вирустар жана бактериялардын айрым түрлөрү пайда кылуучу жогорку дем алуу органдарынын (мурундун, кекиртектин, трахеянын, бронхтордун), кээде көздүн былжыр челинин сезгениши менен өтүүчү, клиникалык белгилери окшош жугуштуу оорулар.

Оорунун пайда болуу себептери

Аны менен көп учурда жаш балдар ооруйт. Себеби алардын организминде анын козгогучтарына каршы коргоочу заттардын (иммунитеттин) жоктугуна байланыштуу болот.

Сасык тумоону аденовирустар, парагрипп вирустары, риновирустар жана башка вирустар, бактериялар чакырат. Сасык тумоо жылдын жылуу мезгилинде сейрек учурап, суук мезгилинде эл арасында массалык түрдө көп тарайт.

Оорунун булагы — оорулуу киши. Вирустар дени соо кишинин дем алуу органдарына аба менен кирип, алардын былжыр кабыкчаларынын клеткаларына өтүп, ошол клеткаларда өсүп-көбөйөт да, алардын бузулушуна жана сыйрылып түшүшүнө алып келет. Бул учурда козгогучтардын айрымдары өлүп, ошону менен катар уу заттарды бөлүп чыгарышат. Вирустардын аралашмасы бар клеткалар бөлүнүп, сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, какырык же шилекей тамчылары, мурун суюктугу менен абага бөлүнүп чыгып, аны булгайт. Ушул булганган аба менен дем алганда, вирустар кайра дем алуу органдарына жугат. Сасык тумоо үй-тиричилик буюмдары (идиш-аяк, сүлгү, оюнчук жана башкалар менен да жугушу ыктымал.

Дарыланууга караганла алдын алуу жакшы

Сергек жашоо. Адам канчалык дене тарбия менен алектенип өзүн сергек алып жүрсө, көп оорунун, анын ичинде сасык тумоонун да алдын алат. Жок дегенде үй шартында деле буту-колду чоюп же эртең мененкисин чуркап коюу да дартты жанга жолотпойт.

Туура тамактануу. Тамак иммунитетти жакшыртат. Ал эми иммунитети күчтүү адам көп оорубайт. Андыктан кичине баладан тарта чоң кишилерге чейин убагында тамактанып туруу — оорудан оолак болуунун бир жолу.

Үйдү, иштеген жерди таза кармоо. Сасык тумоо мезгили башталганда үйдү көбүрөөк суулап жууп-тазалап жана тез-тезден желдетип туруу зарыл. Анткени оорунун инфекциясы чоң жерде көп убакытка чейин сакталат.

Колду жууп туруу. Сырттан келгенде, тамак ичээрде сөзсүз колду самындап жууш керек. Анткени коомдук транспортто же көпчүлүк менен аралашып жүргөн жерде ким сасык тумоо менен ооруп-оорубаганы белгисиз.

Маска тагынуу. Сасык тумоо мезгили башталганда, көпчүлүк отурган жерде (мектеп, жумуш) маска тагынып алган дурус. Аны бир саатка чейин тагынып жүрө бербей тез-тезден алмаштырып турган оң.

Эмдөө. Азыр сасык тумоону алдын алуучу эмдөө бар. Мындан улам эртелеп эле эмделип койгон туура.

Сасык тумоо менен кантип ооруп калышат?

Сасык тумоонун вирусун таратуучу бир гана оорулуу адам. Грипп менен шамалдап же бутуңуз суу болуп калгандан кийин ооруп калуу мүмкүн эмес. Көпчүлүк адамдар аталган дартты жумуштан, окуу жайдан, же болбосо коомдук унаадан жуктуруп алышат. Ошондуктан кээде жүргүнчүлөргө толгон коомдук унаадан көрө жөө баскан пайдалуу.

Сасык тумоонун алдын алуунун эң эффективдүү жолу – бул эмдөө. Эмдөө дени сак гана адамдарга жасалат. Эпидемияга чейин 2 жума мурун жасатуу зарыл. Эмдөөдөн кийин иммунитет 6 айдан 12 айга чейин кармалат. Элдик каражаттар боюнча кеп кылсак, эч кандай сарымсак, пияз жана алкоголь, иммуностимулятор, БАД, витаминдер грипптин алдын алууда эч кандай кепилдик болуп бере албайт. Маскалар дагы айрым учурда сасык тумоонун алдында алсыз болот. Себеби вирустун өлчөмү аябай кичинекей болгондуктан, бир нече кат маскадан дагы өтүп кетиши мүмкүн. Масканы оорулуу адам тагынганда гана башкаларга жуктурбоо кепилдиги бийик болот. Бирок маска 2 саат убакыт аралыгында гана коргоочу касиетке ээ. Убакыт өткөн соң маскада бактериялар көбөйө баштайт. Эгер кездеме бет кап болсо, аны үтүктөп койсо болот.

Жугуунун жолдору

Сасык тумоону жуктуруп алуунун эң кеңири тараган түрү – оорулуунун колу. Ошондуктан кол берип көрүшүүдө этият болуп, колду самындап жууп туруу керек. Эгер чүчкүргүңүз келсе алаканыңызга эмес, чыканак тарапка чүчкүргөнгө аракет кылуу зарыл.

Сасык тумоонун вирусу кургак жана жылуу жерде жакшы өөрчүйт. Ал эми салкын жана таза абада бат эле күчүн жоготот. Ошондуктан күн суук учурда ооруну көчөдөн жуктуруп алуу мүмкүн эмес. Үйдү же болбосо иш орунду бат-баттан шамалдатып туруу жакшы. Кошумча жылытуучу мештер абаны кургаткандыктан, анын ордуна жылуу кийинүү менен үйдү күнүнө бир нече жолу нымдуу чүпүрөк менен тазалап туруу талапка ылайык. Мындан тышкары эгер адам көп чогулчу жерге барсаңыз физрастворду мурунга сээп туруу керек.

Сасык тумоону дарылоодо төмөнкү эрежелерди сактоо керек. Оорудуңузбу, жумуштан же окуудан сураныңыз. Ооруп жумушка барчу болсоңуз, башка бир нече адамга жуктурасыз. Негизгиси төшөк режимин карманыңыз. Сасык тумоонун жөнөкөй түрүн дарыларсыз айыктырууга болот. Ал үчүн суусундук көп ичип, толук 3 кандуу сапаттуу тамактануу менен бирге мурунду нымдаштыруучу каражатты колдонуп, кадимки аскорбинка жеп туруу жетиштүү болот. Жарнамада тынымсыз жарнамаланып жаткан дарылардын баары эле жардам бере бербейт. Алар грипптин вирусуна эч кандай таасир бере албайт. Бирок бооруңузга өтө зыяндуу. Ал эми дене табыңыз 38°С өткөндө гана температураны түшүрүүчү дары-дармек колдонгон жакшы. Эсиңизде болсун, вирустук инфекцияларды антибиотик менен дарылоонун кажети жок, анткени дары таасир этпейт. Жана да татаалдашып кетет деп профилактика катары айрымдар колдонуп жүрүшөт. Мунун да кажети жок.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: