Хакерлер 257 миң кишинин Facebook тармагындагы өздүк маалыматтарын ачыкка чыгарышты. Алардын ичинде өмүр-баяндары, жашаган жана иштеген даректери, телефон номурлары, электрондук даректери жана жекече жазышкан купуя каттары да бар. FBserver деп аталган сайтка жайгаштырылган маалыматтар чынында эле колдонуучуларга тиешелүү экени тастыкталган. Аталган сайтка FBSaler аттуу ник менен: «Өздүк маалыматтарды сатам. Бир профилдин баасы 10 цент»,-деп жазылган маалымат чыккан. Алардын айтымында, колдорунда 200 миллион аккаунттун өздүк маалыматы бар. Дүйнө жүзүнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнүн жарандарына таандык маалыматтар көрсөтүлгөн.
FBserver сайты ушул жылы ачылып, көзөмөл органдары тарабынан бир нече ирет жабылганына карабай жаңыдан пайда болуп келет. КМШ өлкөлөрүнөн хакерлердин тузагына эң көп түшкөндөр Орусия менен Украинанын жарандары экени такталган.
Эске сала кетсек, Facebook коомдук желесинен маалыматтардын уурдалуусу биринчи ирет болуп жаткан жок. Буга чейин да үстүбүздөгү жылда эле эки ирет мын дай чуу жаралып, компаниянын колдонуучуларынын өздук маалыматтарынын коопсуздугун сактай албаганы үчүн негиздөөчүсү жана директорлор кеңешинин төрагасы Марк Цукербергдин отставкасын талап кылышканга чейин барышкан.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ