Menu

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков: “Өлкөдөн чыгып кеткиле!”

Бөлүшүү:

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков ар дайым өлкөдөгү кырдаалга көз салып, өз пикирин билдирип турат. Президент Алмазбек Атамбаев болуп-толуп турган учурунда “Нарындыктар койсуңар” деген сөзүнө жооп иретинде ыр жазып, ал үчүн суралып, камакка да олтуруп, майыптыгынан улам эле камалып кеткен эмес. Ага болбой, Атамбаевдин ар-намысына шек келтирген деген сот өкүмү менен 50 миң сом айып пул салынган. Бул ирет Темирлан өзүнүн Facebook баракчасына Атамбаевдин уулу Сейитке жооп жазыптыр:

“Сейит Атамбаевге жооп

Жанагы Алмаз Атамбаевдин Сейит деген баласы элге кайрылуу жасап “атам мындай эле, атам тигиндей эле, атам элге кызмат кылган, атам элди ойлогон”- эле дейт. Баары айдан ачык көрүнүп-билинип турса деле, бул эски принцтин айткандарына айласыз “ошо атаңдын гана оозун урайын”- дегиң келет экен. Сейиттин айтымында учурда ал кандайдыр бир түзүм түзүп, элди командасына чакырат имиш. Уюштуруп жаткан түзүмүн элге кызмат кылайын деген ниети экенин айтат. А, чындыгында болсо, бул чычымдын максатынын төркүнүнө сереп салсак, жаман оюнда чоң саясатка аттанайын деген ниети бардай… Ооба, бул саясий жактан чала-чийки жубарымбек “Эл үчүн, жер үчүн”- деп эле ураан таштап койсо, биз ишенип калдык дейт… Билебиз, көргөнбүз, укканбыз, Атамбайдын тукумдарынан эмнени күтсө болоорун. Шаршендин шайтанчиктери Кыргыз улутуна жакшылык алып келбейт. Урматтуу Сейит Алмазбекович! Эгер сиз Кыргыз элине чындап жакшылык кылайын десеңиз, эл үчүн, жер үчүн ниетиңиз таза экендигин билдирейин десеңиз, анда Атамбай тукумдары Кыргызстандан түп ордуңар менен көчүп кетсеңер, чоооң патриоттуулук кылган болосуңар. Сиз өзүңүздү өзүңүз “элдин уулумун” деп атаганыңыз акылыңыз кыска экендигинен кабар берип, атаңыз Алмазды тартып ойлонбой сүйлөп “балп” эттирип таштамайыңыз бар экендигин аныктайт. Кыргызда адам өзүн өзү “эл уулумун” деп атап, “Элдик уул” боло алган эмес. Эзелтен Кыргыз эли чыгаан жигиттерин эмгегине жараша “элдик уул” – деп атап, барктап келишкен. Эч качан Кыргыздын эстүү жигити өзүн өзү төшкө койгулап, “мен элдин уулумун”- деп “Элдик уул” даражасына жеткен эмес. Таранчы канча бийикке көкөлөп учуп чыкса да, эч качан бүркүткө айланып кете албайт. Келемиштен келемиш, чөөдөн чөө гана туулат. Сиз антип өзүңүздү “элдин уулумун” – деп атабаңыз, андайга сиздин моралдык укугуңуз жок. Сиз дасторкон четине отуруп жеген нандын ар бир үзүмү ошол Элдин акчасы, Элдин ырыскысы…

Себеби, сиздин атаңыз Алмаз Кытайга Кыргызды карыз кылган. Ал карызды ким төлөйт? Чет элде мигрант болуп жүргөн ар бир Кыргыз төлөйт, базарда араба түртүп жүргөн Кыргыз төлөйт, жаз-күз кетмен чапкан дыйкан төлөйт, айлыкка жан багып жаткан мугалим, врач төлөйт. Ошондуктан, Сейит Алмазбекович, сиз жеп жаткан нандын ар бир күкүмү Кыргыз улутунун ырыскысы. Ошол сизге аш болоор бекен? Ошондо сиз кайдагы “элдин уулусуз?”. Сиз жана калган Атамбайдын тукумдары Кыргыздын шору, “ЫРЫС-КЫРКААРыСЫҢАР!! Кыргыз Элинин “ӨГӨЙ УУЛДАРЫсЫҢАР!!!”. Кыргызстандан урук-туугандарыңыздар менен чыгып кетсеңиздер, сиздер Мекенге, Улутка, келечек үчүн зор жакшылык кылган болоор элеңиздер! Айтмакчы, Сейит мырза! Атаңыздын айынан Кой-Ташта бейкүнөө бир спецназ каза болгон. Эскерте кетсек, 2010-жылы 7-апрелде да жаштарды алдына салып, окко түртүп келгенин айтсак, анда атаңыздын мойнунда бир топ эле бейкүнөө адамдардын каны бар. Анан сиз кайдан эле “элдин уулу” болуп чыга каласыз? Адам өлтүргөн өлтүргүч канкордун уулу деген көбүрөөк ылайык келет чыгаар?
Кыскасы, Сейит Алмазбекович, азыр сиздер Атамбай тукумдары толугу менен жер которуп, Кыргызстандан чыгып кетсеңер жакшы болмок, тынч эле өлкөдөн чыгып кеткилечи!!!

Алмаздын уулу Сейитти
Уксам, кеби кейитти.
Атасынан кем калбас,
Арам тукум бейитпи.

Турганда Алмаз көкөлөп,
Кыргыздар калган чөгөлөп,
Билип ал Сейит эси жок,
Чөөдөн чөө эле төрөлөт.
Уулумун Элдин дебегин,
Элге жок сенин керегиң,
Эл үчүн иштеп берем деп,
Ыйманыңды жебегин.
Арам жолдо көп жүргөн,
Алмазды байлык көптүргөн,
Алтыным Сейит унутпа,
Атаңыз адам өлтүргөн.
Турмуштун түркүн жагы бар,
Тукумга калчу тагы бар,
Атаңыз Алмаз мойнунда
Бейкүнөө адам каны бар.

Узун кепти чоёсуз,
Уялбай сүйлөп коёсуз,
Элдик уул эмес Сейитим,
Канкордун уулу болосуз.
Көп бузук сенин ойлоруң,
Көңүлдө бийлик болжолуң,
Көрдүң Сейит каяктан,
Таранчы шумкар болгонун.

Атаңыз барган кылмышка,
Бийликке Сейит тырмышпа,
Атамбайдын тукуму
Өгөйсүңөр Кыргызга.
Ырысы элдин чачылган,
Кытайга Кыргыз басынган,
Атаңыз Алмаз куруткур
Карызга элди батырган.
Күнөөңөрдү сезгиле,
Күмөнсүз ишти чечкиле,
Атамбай, Шаршен тукуму
Өлкөдөн чыгып кеткиле!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: