Журналист катары өзүн тааныштырган жалганчы бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, 13-ноябрда Баткен шаарынын «Жеңиш» паркында эс алып отурган студенттерге азиат улутундагы 25-30 жаштагы жигит ар кандай суроолорду берип, өзүн «журналист» катары тааныштырган. Алардын «Rеdmi Note 7А» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун сурап алып, качып кеткен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ