Menu

Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Партия ичиндеги менин позициямды билгиңер келсе, Иса Шейшенкуловичтен сурап алсаңар болот”

Бөлүшүү:

– Чыныбай Акунович, сиз мүчө болгон КСДПнын ичиндеги саясый абал күчөп кетти. Партия үчкө бөлүнүп калды. Сиз кайсы тарабындасыз?

– Бул боюнча мен оюмду айтканым азырынча эртелик кылат. Айтсам, саясый оюнга кийлигишип кеткен болом. Эгер менин позициямды билгиңер келсе, Иса Шейшенкуловичтен сурап алсаңар болот. Анткени, мен ал кишиге позициямды дароо айткам. Ошол позициямда бекем турам. Айтайын дегеним, азыркы КСДПнын ичиндеги саясый кырдаал мага жаккан жок. Ошондон улам айрым коллегаларымдын мамилелерине сын көз карашым бар. Обочолонуп турган себебим да ошол. Азыркы абалда эки жакты да колдобойм.

– Сиз 2010-жылдан бери КСДПнын жер-жерлердеги ячейкаларын колдоп, каржылап келген адамсыз. Бүгүн парламентте отурасыз. «Атамбаевсиз КСДП» менен ага каршы КСДП мүчөлөрүнүн партиядагы таасири кандай?

– Мен 2010-жылы КСДПга келдим. Саясый кеңештин мүчөсү болдум. Парламенттеги фракциянын лидерлигин аркаладым. Биринчи күндөн баштап мен бир эле милдетти аткарып келдим. КСДПнын баарынын башын кошуп, бирдиктүү күч кылыш үчүн иштедим. Болгон күчүмдү ошого жумшадым. 2017-жылкы съезд учурундагы менин позициям өзгөчөлөнүп чыгып, ошондон кийин мен кеттим, мен аркалаган милдет башкалардын колуна өтгү. Кырдаал өзгөрдү. КСДПнын ичинде бөлүнүүлөр пайда болду. Кетишиме да менин ошого чейинки позициям жакпай, бөлүнгөндөрдүн бир жагына ыктабаганым, өз позициямды сактап калганым себеп болду.

– Кимдин колдоочусу көп деп ойлойсуз?

– Боолголойм, бирок эч ким менен «сен кимди колдойсуң?» деп сүйлөшпөгөн үчүн айта албайм.

– «Партиянын съездин өткөрүүгө ким укуктуу, ким укуксуз?» деген талаш курчуду. Өмүркулов чакырган 3-апрелдеги сьезддин легитимдүүлүгү канчалык да, Атамбаевдин 6-апрелде өткөрө турган съездинин легитимдүүлүгү канчалык?

– Мунун баары бүгүнкү кырдаалды чагылдырып жатпайбы. Бул боюнча комментарий бергенден баштап, мен бир тарабына кошулган болуп калам. Ошон үчүн комментарий бербей, принцибимди бузбай турганым оң.

-Жакында экс-спикерлердин кеңеши түзүлдү. Ал кеңеш кандай максатта түзүлдү жана эмне иш кылат?

– Ал маселе чынын айтканда чай берүү үстүндө экстердин ортосунда сөз болгон. Мени да чакырышкан экен, Көлдө жүрүп, кеч келип калып, барбай калдым. Кеңештин иши, милдети тууралуу толук маалымат албай калдым.

– 2020-жылкы шайлоого кайсы партиянын катарында барасыз?

– Азырынча чечим кабыл ала элекмин.

– Калича Умуралиева сиздин «Планетарий» имаратын менчиктеп алганыңызды айтып, аны «шаарга белек кылбайбы» дегендей сунуш айтты. Ал тууралуу ойлонуп көргөн жоксузбу?

– Эгер Умуралиева өзүнүн батирин, үйүн «мамлекетке өткөрүп берем» десе, анда мен да ал имаратты өткөрүп бергенге даярмын. Бул биринчиден. Экинчиден, ал өтө туура эмес маалымат таратты. Көчөдөн чыга калып айтып жаткандай эле сүйлөдү. Анысы уят нерсе. Себеби, ал имарат мен билгенден 1996-жылы менчиктештирилген экен. Андан кийин канча колго өткөнүн билбейм. Бирок, мындан 10 жыл мурда мен өтө чоң акчага сатып алгам. Сатып алган оокатты балама беремби, кызыма беремби, же бирөөгө белек кыламбы – өзүм билем да. Мен мамлекетке белек кылгым келген жок, балама бердим. Анын эмнеси айып иш?

– Канчага сатып алдыңыз эле?

– Өтө кымбат. Андай акчаны Умуралиева өмүр бою иштеп да тапмак эмес.

– Умуралиеваны сотко берүүгө да камынган экенсиз?..

– Сотко берейин дегем. Юристтерге тапшырма да бергем. Сотко берсем, мен аны жүз пайыз утмакмын. Бирок, басылгандан кийин, кайра ал оюмдан кайттым.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: