Ош шаардык ооруканада операция учурунда каза болгон кишинин сөөгү бүгүн, 21-ноябрда жерге берилди. Бул тууралуу маркум менен чогуу иштеген адамдар жергиликтүү журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, 1973-жылкы туулган Ү.И. аттуу адам Ош шаарында айдоочу болуп жети жыл иштеген. Ал киши колдуу болуп, алган оор жаратынан улам каза болгон. Аны болгондо да өзұнөн жаш аялынын колунан каза тапкан. 1991-жылы туулган Г.П. аттуу кыз маркумдун экинчи аялы. Ал 46 жаштагы жолдошун темир буюм менен бир нече жолу башка чапкан. Жабырлануучу оор абалда Бишкек шаардык ооруканага жеткирилген. Ал жердеги дарыгерлердин айтымында, жабырлануучу 20-ноябрда, түнкү саат 02:20ларда баш сөөгү сынып, мээси чайкалган абалда түшкөн. Ага дем алдыруучу аппараттын жардамы менен операцияга кылып жатканда көз жумган.
Маркум менен чогуу иштегендеринин айтымында, анын артында үч баласы калган. Биринчи аялынан бир кыз, бир бала, экинчи аялынан бир кызы болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ