Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы болуп Акылбек Орозматов дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Каныбек Исаков кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Акылбек Орозматов rесиби боюнча журналист. Жети жыл “Ынтымак” КРТРКсында журналист, редактор жана программалык директор болуп эмгектенген. Ал бүгүнкү кызматка келгенге чейин “Жебе Медиа” маалымат порталынын жетекчиси болуп иштеген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ