«Манас» аэропорту жактагы машинанын багажынан жансыз денеси табылган таксистти өлтүрүүгө тиешеси бар адамга милиция издөө жарыялады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 21-ноябрда билдирди.
Алардын айтымында, Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну — Мамарасул уулу Акжол изделип жатат. Буга чейин ал бейбашчылык, каракчылык жана мүлктү атайын жок кылуу фактылары боюнча сот жообуна тартылган.
Эске сала кетсек, 22-октябрда 39 жаштагы Хусан Каримов аттуу таксист “Honda Accord” үлгүсүндөгү машинасы менен үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып барган эмес. Өлтүрүлгөн күнү анын жанында ири суммадагы акча болгон. 23-октябрда Комсомол айылынын тургуну милицияга кайрылып, бир тууганы жоголуп кеткенин билдирген. Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон таксистти издөөгө алып, “Манас” аэропортунун жериндеги машина токтотуучу жайдагы машинанын багажынан жансыз денесин табышкан. Анын өлүмүнө шектелип 31-октябрда бирөө кармалган. 3-ноябрда дагы бир шектүү кармалганы айтылган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ