Menu

Мектепте окуучу кыздын зордукталганына байланыштуу Тараздын акими кызматтан алынат

Бөлүшүү:

Казакстандын Тараз шаарынын акими Кайрат Досаев кызматтан алынат. Бул тууралуу 21-ноябрда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына жазды.

— Тараз мектебинде 12 жаштагы кыз жабыркаган окуяга байланыштуу жана ишиндеги кемчиликтери үчүн акимди кызматтан алуу тапшырмасын бердим. Облус жетекчиси эскертүү алды, — деп жазды мамлекет башчы.

15-ноябрда Тараздагы мектептердин биринин ажаатканасында 7-класста окуган кыз зордукталган. Шектүү кармалып, «Зордуктоо» жана «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети» беренелери боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган.

54 жаштагы Кайрат Досаев Тараз шаарынын акими кызматына быйыл апрелде дайындалган. Буга чейин Алматы облусунун акиминин жардамчысы, Талдыкоргон акиминин орун басары, Алматы облусундагы Каратал районунун акими, өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси жана Жамбыл облусундагы Шу районунун акими кызматтарында иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: