Кечээ, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жаңы долбоорду демилгеледи. Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.
– Президент аткаруу бийлигине айланат. Ал ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын чечет жана 5 жылга шайланат, бирок 2 мөөнөттөн ашык эмес.
– Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, президент өкмөт башчысын, анын орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын дайындайт. Ошондой эле, ал башка аткаруу органдарынын башчыларын, жергиликтүү администрациялардын башчыларын дайындап, аларды ээлеген кызматынан четтете алат.
– Эгерде президент отставкага кетсе, өкмөт башчы жаңы конституциянын долбоору боюнча өз милдетин аткарат.
– Депутаттарды 90го чейин кыскартуу сунушталууда. Жана 5 жылга шайланат. Ошол эле учурда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленет.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкуу башталып, сындап жатышат.
https://www.facebook.com/gulnura.toralieva/posts/10158860178628834
https://www.facebook.com/dastan.bekeshev/posts/3410825608971074
https://www.facebook.com/100003897046893/posts/1919667488173134/?d=n
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ