Кыргызстандык спорту Абдурахман Муртазалиев Абу-Даби шаарында өтүп жаткан жиу-житсу боюнча дүйнөлүк чемпионатында күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Абдурахман Муртазалиев 85 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Спортчу Марокко, Бельгия, Россия жана Израилден келген атаандашын жеңген. Финалдык беттеште россиялык спортчу Абдулбари Гусейнов менен беттешип биринчиликти уттуруп жиберди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ