Menu

Шайырбек Абдрахман, журналист: “Мен “Азаттыктын” иликтөөсүн “Маевский гейт” сыяктуу жалаадай эле кабылдап жатам”

Бөлүшүү:

Мурдагы күнү Азаттыктын белгилүү журналисти Али Токтокуновдун иликтөөсүн көрдүм. Кечээ болсо 5-каналдын жетекчиси, менин досум Эрнис Кыязовдун программасын көрдүм. Анан өзүмчө ой жооруп, Алинин иликтөөлөрүн, айткан дегендерин, Эрнистин да “бажыдагы бардак Атамбаевдин учурунда болгон экен, неге анын атын көрсөтүүдө бир да жолу атабадыңар?” деген Азаттыкка узатылган суроолоруна назар салып олтурсам, бүгүн КСДПнын депутаты Ирина Карамушкинанын Азаттыктын сайтына чыккан береги сөзү көңүлдү бурду.

Ээ кеп бул жакта жаткан экен го…
Ирина Карамушкина Президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо ниетин билдириптир. Мына бая эле ушундан баштабайт белеңер… Болгондо да Ирина эжекебиз жанагы Саймаити деген неме 2012-2017- жылдары КРден сыртка чыгарган акчалар, бажыдагы схемалар, башкача айтканда баягында Эдил Байсалов, Өмүрбек Текебаевдер “Алмаз Шаршенович, сиз кантип мультимиллионер болуп кеттиңиз? -деп суроо берип жаткан жылдары болгон коррупциялык иштер үчүн “Транснационалдык коррупциялык топтун мүчөсү” деген кинээни учурдагы Президент Сооронбай Жээнбековго жапкысы келип жатыптыр. Муну мен баягы Өмүрбек Текебаевге жабылган Маевский-гейт сыяктуу жалаадай эле кабылдап жатам.

Эми Азаттыкка келе турган болсок, Эрнис Кыязовдун койгон суроосу туура чыгып жатпайбы. Эмне үчүн Саймиати, Раим деген адамдар Алмазбек Шаршенович Прездиент болуп турган маалда баланча миллиондорду айландырышкан, ал эмес Раим Матраимов деген бажычы ошол учурда кызматтан кызматка жогорулаган деген бир сүйлөмдү иликтөөңөргө кошуп койгон жоксуңар? Эмнеге билесиңерби..? Аны тиги Ирина Карамушкинадан сурагыла дейт элем. Ал киши “купуя пландарды” эртерээк ачып салгандай…

Кеп бул жакта эмеспи..?

P.S. Бир чети барыбыздын ушундай активдүүлүгүбүз коомду тазалайт. Муну мен колдойм. Бирок, тактык чындыктын өзөгү эмеспи.

Шайырбек Абдрахман, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: