Бүгүн, 25-ноябрда, экс-депутат, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирүү таратты. Анда ал атын каралоого колдонбоону суранган.
“Эки жылдан бери саясатка аралашпай калгам, ага болбой эле менин атымды каралоо үчүн айрым гезиттер жана журналисттер колдонууда. Алардын өз абийирине койдум. Мен азыр саясатта эмесмин, бизнес иштеримди чечүү менен гана алектенип жүрөм. Мени менен мурда иштеген адамдар позициясын өз алдынча билдире алышат жана укугу бар. Алардын азыр мени менен байланышы жок»,-дейт Бабанов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ