Бишкекте Salymbekov University (SU) расмий ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Президенттин алдындагы башкаруу Академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына пост калтырды.
Анда ал: “Бүгүн дагы бир жагымдуу окуяга күбө болдук: Salymbekov University (SU) расмий ачылып, ишин баштаптыр! Аскар Мааткабыловичтин бул жаңы ишине албан ийгиликтерди каалайм! Чоң иш болду, Жараткан өзү колдосун! Биз ар дайым жаныңыздабыз, бул ыйык ишиңизге ийгилик”, – деп жазып, жаңы ачылган окуу жайдын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков менен чогуу түшкөн сүрөтүн жайгаштырды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ