Menu

Жидда шаарында кыргыз-сауд эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-ноябрында Сауд Арабиясынын Жидда шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков Ислам Кызматташтык Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган «Биргеликте тынчтыкка жана өнүгүүгө» аталышындагы «Алтын Юбилей» салтанаттуу аземине катышты. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында Министр Ч.Айдарбеков Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Юсуф Аль-Усеймин жана Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушту.

Маектешүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Ислам Кызматташтык Уюмунун ортосундагы кызматташтыктын келечеги жана Сауд Арабия Падышалыгы менен эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: