Menu

Эксперт Кайрат Осмоналиев: “Алтынбек Торутаев кызматынан кетсин, эмне, бизди келесоо ойлоп жатабы?!”

Бөлүшүү:

“Бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев “журналисттердин иликтөөсүндөгү өлкөдөн 700 млн доллардын чыгарылып кетиши боюнча маалымат бажыда жок” деп бизди, кыргызстандыктарды келесоо ойлоп жатабы?!”. – деп Антикоррупциялык мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашырууну көзөмөлдөгөн Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун мүчөсү, юридикалык илимдердин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев ачууланды:

“Бүт өлкө билет, а башкы бажычы билбейт экен. Буларды ачык булактардан тапса болот да. Торутаев иштин көзүн билбеген жетекчи экенин далилдеп койду. Ал бардыгын баарыбыздан жакшы билет. Же жөн эле макоо болуп койду. Же чындап эле эч нерсе билбейби, жок, ишенбейм. Иштин көзүн билбеген кишини мындай жогорку кызматка коюшмак эмес. Же бардыгыбызды келесоо ойлойт. Чыгарылган миллиондор боюнча финчалгындоо, финполиция, бажы кызматы жашырган кээ бир фактылардан башкасын кыргызстандыктар бардыгын эле билип калды”.

Осмоналиевдин пикиринде, эгерде бажы кызматынын башчысы 700 млн доллардын чыгарылнанын билбеген болсо, анда кызматынан кетиши керек.

“Акча каражаттардын өлкөдөн чыгаралышы, эгерде мыйзамдуу негизи болсо, эл аралык кылмышка жатат. Бул Кыргызстандын кадыр-баркына чоң сокку. Биздин дарегибизге кинелер эки жыл мурун ЕАЭБдин жыйындарында айтыла баштаган, ошондон кийин башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү биздин өлкөнү “Контрабандистан” атап киришкен. Ошондой атка конгонбуз. Эгерде Торутаев бизди келесоо көрсө, өзүн кууш керек. 700 млн доллар жөнүндө билбесе, кызматында олтурууга акысы жок”, – деди эксперт.

Түшүндүрө кетсек, ЖКнын бүджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыныда депутат Зиядин Жамалдиновдун суроосуна жооп берип жатып, Бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев “Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылышы боюнча факты жок” деп билдирген. Анан президент аппаратында, премьер-министрдин, вице-премьер-министрдин кабинеттеринде камералар орнотулуп, алар аркылуу бажычылардын кыймыл-аракеттерин онлайн режимде көрсө болорун айткан.

“Кыргызстанда жылына 2,5 млрд долларга товар импорт болот, 16 миң ишкерлерлик субъектилер бар. Менимче, 700 млн доллар – товардын акчалары болсо керек. Муну укук коргоо органдары текшерет”, – деп айткан башкы бажычы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: