Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 1-июнь күнү саат 10:00 дө парламенттеги чоң жыйындар залында жаныбарларды идентификациялоо маселесине арналган парламенттик угуу өткөрөт. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору жаныбарларды идентификациялоо, ошондой эле мал көмүлгөн жайларды кайтаруу жана кармоо эрежелерин жана талаптарын күчөтүп, көзөмөлдү жана жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган. Аталган демилге Е АЭБ талаптарына аткаруу үчүн да маанилүү роль ойнойт. Аталган мыйзамда малдарды идентификациялоо талаптарын так аткарбаган, өлгөн малдарды туура эмес жерге көмгөн жана мал көмүү үчүн берилген аймакты жайыт катары пайдаланган жарандарга айып салуу сунушталууда. Айып пулдун өлчөмү жарандарга 50 миң сом, кызмат адамдарына 75 миң сом деп белгиленген.
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ