Menu

Чаткалдыктар кенге каршы чыгышты

Бөлүшүү:

Бир тарабы Талас облусу менен чектешип, ал жакта да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, казып алган рудаларды Казаксган тарапка ошол аймак менен ташып жаткан Чаткалдагы «Вертекс» компаниясынын калдык сактоочу жайынын курулушуна каршы чыгып, жергиликтүү эл нааразычылыгын билдирип жергиликтүү эл жыйын курушту. Райондун борбору Каныш-Кыя айылында өткөн жыйын учурунда «Вертекс Голд Компани» кен ишканасы салууну пландап жаткан өндүрүш жайынын курулушуна каршы пикирлер айтылды. Алардын айтымында Чаткалда кен казууга 158 лицензия берилиптир. Алардын ичинен 4 компания алтынды фабрикада иргеп алат экен. Алтынды иргеп алууда уулуу заттар колдонуларын билип, экологияга коркунуч алып келерин эскертишкен. Мындан сырткары «Вертекс Голд Компани» ишканасы куруп жаткан калдык сактоочу жай тоо башында, агын суунун жээгинде жайгашкандыктан, кокустан көчкү жүрүп, жарылып кетсе бир эле Чаткал эмес, кошуна өлкөлөргө да терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтышкан. Чаткал дарыясынын суусу Өзбекстандын Ташкент облусуна агып барат. Мындан сырткары тургундар аталган компанияда жергиликтүү жашоочулар аз санда жумушка тартылганын, компаниянын Чаткалда туруктуу иш кеңсеси жок экендигин да айтышкан. «Вертекс Голд Компани» ишканасынын жетекчилиги өндүрүш жайынын
курулушу тууралуу район тургундарын маалымат берип, мында бардык техникалык жана экологиялык коопсуздук жагдайлары эске алынганын жана тийиштүү адистердин көзөмөлү алдында куруларын билдирди. «Вертекс Голд Компани» ишканасы 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр кенин иштетип келет. Азыркы тапта ишканада 600дөн ашуун адам эмгектенет, анын ичинде Чаткал районунун жашоочулары да бар. Жамгыр кенинде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган. Буга байланыштуу Чаткалдагы «Вертекс Голд Компани» ишканасы ал жерде 300 миң тонна кен иштетүүгө кубаты жете турган алтын чыгаруучу фабриканы, вахталык айыл, административдик-тиричилик комплексин жана башка объектилерди курууну пландап жатат. Буга чейин аталган компания ал аймакта өзүнүн фабрикасын курбай Казакстанга алтын рудасын ташып барып иштетип келген.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: