Menu

Депутат Акылбек Жапаров: “Алгач КМШнын кейиштүү аякташы, анан ЕврАзЭБ, эми ОДКБ ошол жол менен баратат”

Бөлүшүү:

27-ноябрда Жогорку Кеңеш өз жыйынында “2002-жылдын 7-октябрында кабыл алынган биргелешкен коопсуздук жөнүндө Келишимди уюштуруунун уставына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколду, 1992-жылдын 15-майында жана Астана шаарында 2018-жылдын 8-ноябрында кол коюлган биргелешкен коопсуздук жөнүндө Келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов (“Бир бол”) эмнеге өзгөрүүлөр кирип жатканын түшүндүрдү. Анткени Армениянын Башмыйзамына өзгөрүү кирип, премьер-министри өлкөнүн эң башкы аскердик команда берүүчүсү болуп жатканынан улам экенин айтты.

Депутат Акылбек Жапаров (“Бир бол”) өзгөрүүлөр Армения үчүн гана кирип жатканын дагы бир ирет тактап сурады.

– Ооба, өзгөрүү Арменияга тишелүү, – деди ТИМдин статс-катчысы Айбек Омокеев.

– Адилеттүүлүк принциптери болушу керек, – деди депутат.

– Аларда Конституцияга өзгөртүү кирди, – деди Омокеев.

– Бизде деле Конституцияга өзгөртүү киргизилген, – деди Жапаров.

– Эми Армениянын куралдуу күчтөрү премьер-министрге баш иет. Ошондуктан өзгөртүүлөр даярдалган, – деп жооп берди статс-катчы.

– Биз толук кандуу парламенттик өлкөгө баратканыбызды айтып келебиз. Ошондуктан протоколдо башка өлкөлөрдүн да Башмыйзамы өзгөрүшү мүмкүн экенин эске алуу керек эле. Өзгөртүү киргизип олтурбай, мурда эле жазып коюш керек болчу. Эмнеге биз бардык жагынан макул боло беришибиз керек? Эмнеге Тышкы иштер министрлиги биздин кызыкчылыкты коргобойт, эмнеге талап койбойт? – деди Жапаров наарызы болуп.

– Айтылды го, Армениянын Конституциясына өзгөртүү киргени үчүн деп. Бизде куралдуу күчтөр президентке баш иет, президент эң башкы аскердик команда берүүчү. Арменияда өкмөт башчысы болуп олтурат. Өзгөртүү киргизүү мамлекет башчылардын деңгээлинде консенсус менен кабыл алынат, – деди Омокеев.

– Мен прецедент жөнүндө айтып жатам. Армения Конституциясын өзгөртүп алып, бизге өз эрежесин таңуулабышы керек. Эртең Белоруссия өзгөртөт, эми Кыргызстан да өз Башмыйзамын өзгөртсүн. КМШ ушинтип кейиштүү аяктаган, анан ЕврАзЭБ – ар бир өлкө өз кызыкчылыктарын таңуулай баштады. Адилеттүлүктүн жалпы принциптери, укук пайдалануу практикасындагы окшоштуктар ар кандай болуп, бардыгы ийгиликсиз аяктап жатат. Эми аскердик уюм ошол жол менен бара жатат. Бул туура эмес, – деди Акылбек Жапаров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: