Жалал-Абаддагы “Тазалык” ишканасы жолбун иттерди жок кылууну улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, тогуз ай ичинде эле ит, мышык тиштеген 130дан ашуун адам ооруканага кайрылган. Адамдардын коопсуздугун сактап, өмүрүнө коркунуч келтирбөө максатта, ит атарлар күн сайын 15ге жакын жолбун иттерди атууга белсенди. Жыл башынан бери 1600гө жакын ит жок кылынган.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/695899537483864/?t=2&v=695899537483864
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ