Menu

Сооронбай Жээнбековдун Касым-Жомарт Токаев менен расмий жолугушуу аземи болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-ноябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында, чет элдик мамлекеттердин башчылары жана делегациялары менен салтанаттуу жолугушуулары өтүүчү «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Ошондой эле эки Мамлекеттер башчыларынын астында Ардактуу кароол Ротасынын салтанаттуу жүрүшү өттү.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Президенти жана Казакстан Республикасынын Президенти кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Андан соң Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: